АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Улуттук ассамблеянын вице спикери Эдгар Самбранону бошотууну Венесуэла бийлигинен талап кылды.
“Кечээ кечинде Улуттук ассамблеянын вице-спикери Эдгар Самбранонун негизсиз кармалышы мурдагы режимдин репрессиясын чагылдырган ылайыксыз жана мыйзамсыз акт болуп эсептелет”, - деп белгиленген Мамлекеттик департамент тараткан маалыматта.
Мунун алдында Самбрано Каракаста кармалганын Венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдо айтып чыккан.
“Диктатура Улуттук ассамблеянын вице-төрагасын саясий полициянын колу менен уурдап кетти”, - деп жазган ал "Твиттерге".
BBC телеканалынын маалыматы боюнча, Самбранону Sebin – Боливарианск улуттук чалгын кызматы кармап кеткен жана Каракас түрмөсүнө жеткиришкен. Самбрано Венесуэлада бир апта мурдагы төңкөрүш аракеттерин уюштургандардын бири деп айтылууда.
“Төңкөрүш тууралуу кутумду уюштургандардын бири кармалды. Ал сот алдында жооп берет”, - деди Конституциялык ассамблеянын башчысы Диосадо Кабельо.
Буга чейин өлкөнүн Жогорку соту мыйзам чыгарауу бийлигинин ишке ашпай калган төңкөрүштү колдогон жети өкүлүн жоопкерчиликке тартууну тапшырган.