Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:50

Улуттук валютага 26 жыл толду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1993-жылы 10-майда Кыргызстан өзүнүн расмий валютасын - сомду жүгүртүүгө чыгарган. Эгемендүү мамлекеттин өз алдынча валюта чыгарганы - өлкөнүн экономикалык саясатын жана Улуттук банктын акча-насыя саясатын эч кимден көз карандысыз, эркин жүргүзүүсүнө негизги багыт болуп берген.

"26 жыл ичинде кыргыз сому экономикалык түрдүү оош-кыйыштарга карабай, өз алдынчалыгын, туруктуулугун көрсөтө алды" деп белгиленет Улуттук банктын маалыматында.

1993-жылы кыргыз сомунун алгачкы банкноттору -1, 5, 20 сом жана 1, 10, 50 тыйындык кагаз банкноттору чыккан. Бул акчалар акырындык менен жүгүртүүдөн алынып, 1994-1995-жылдары чыккан 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 сомдук жаңы акчалар менен алмашкан.


1997-жылы улуттук валютаны киргизүүнүн жаңы баскычы жүргүзүлүп, коргоо элементтери жакшыртылган 1, 5, 10, 20, 50, 100 сомдук акчалар жүгүртүүгө чыгарылган. 2000-жылы 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттор чыккан.

2008-жылы 1, 3, 5 жана 10 сомдук металл акчалар жүгүртүүгө киргизилген.

2009-жылы 5000 сомдук акча, ал эми 2017-жылы 17-ноябрда 2000 сомдук банкнот чыгарылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG