Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Кочкордо окуучулар үчүн тестирлөөчү борбор ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектепте окуучулардын компьютердик сабаттуулугун текшерүү үчүн тестирлөө борбору ачылды. Бул борбор балдарга эл аралык ICDL программасынын сертификатын берет.

Тестирлөөчү борбор аймактагы «Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында иштеп жатат. Учурда бул программага Нарын облусундагы 11 мектеп катышып жатат, төрт миңден ашуун окуучу окуп чыккан.

ICDL программасы жалпы өлкөдөгү 50 мектепте ишке ашырылат, 10 тестирлөөчү борбор ачылат.

Долбоор Борбор азиядагы Америка университети тарабынан USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG