АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад «Талибан» менен диалогдо «тез прогресс» талап кылынарын билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 9-майда Доха шаарында аяктады. Дипломаттын айтымында, жаңжал күчөп, бейкүнөө адамдар өлүп жаткан кезде сүйлөшүүгө аракет жай жүрүп жатат.
Мунун алдында «Талибан» кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасын оң баалаган жана тараптар чет элдик аскерлерди Ооганстандан чыгаруу, ооган жергесинен башка мамлекеттерге коркунучтун пайда болушунун алдын алуу чаралары талкууланганын айткан. Мужахид айрым маселелерде жылыш болгонун билдирип, бирок «калган пункттар дагы каралууга тийиш» деп кошумчалады.
Катардын баш калаасындагы сүйлөшүүгө Халилзад жана «Талибандын» Дохадагы саясий кеңсесинин жетекчиси Шер Мохаммад Аббас Станекзай катышты.
Вашингтон 18 жылдан бери токтобой жаткан согушка чекит коюу аракетинде талибдер менен июлдан бери сүйлөшүү жүргүзүп жатат.
«Талибан» Кабул өкмөтү менен тикелей сүйлөшүүдөн баш тартты.