«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму 9-майда Казакстандагы нааразылык акцияларын коштогон «массалык интернет-цензураны» айыптады. Журналисттердин укуктарын коргогон уюм президент Касым-Жомарт Токаевди Нурсултан Назарбаевдин «репрессивдүү ыкмаларынан баш тартууга» чакырды.
Уюмдун расмий билдирүүсндө айтылгандай, ал күнү өлкөдө эртеден баштап бир катар маалымат каражаттарынын, ичинде «Азаттыктын» сайттары ачылбай жатты. Кечке маал эл «Facebook», «Telegram», «YouTube» жана «Instagram» ресурстарына кире албай калган.
«Чек арасыз кабарчылар» казак бийлиги Назарбаевдин кызматтан кетишинен кийин башталган нааразылыктын толкунунан чочулап жатат деп эсептейт. «Интернет катуу көзөмөлгө алынган, анча сын айтпаган маалымат каражаттары да бутага айланууда», - деп белгиледи уюм.
Бейшемби күнү бир катар медиа каражаттарынын жана укук коргоочу уюмдардын сайттары тосмолоого туш болгон. Айрым кардарлар социалдык тармактарга кирүү кыйын болгонуна, интернет, мобилдик байланыш начар иштегенине даттанышкан.
Ошол эле күнү Алматы жана Нур-Султан шаарларында полиция бир нече кишини кармап кеткен.