Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Медиа: Түштүк Африкадагы шайлоого орус политтехнологдору кийлигишкен болушу ыктымал


Түштүк Африка республикасындагы шайлоодо бир кезде мурдагы президент, маркум Нельсон Мандела мүчө болгон «Африка улуттук конгресси» партиясы алдыга чыкты.

Бюллетендердин 70 пайызы эсептелгенден кийинки жыйынтыктарга караганда, партия добуштардын 60 пайызга жакынын алганын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

1994-жылдан бери партия мынчалык аз добуш алган эмес. Президент Сирил Рамафосанын партиясы ири шаарларда колдоо тапкан жок. Оппозициядагы «Демократиялык альянс» кыймылы азырынча экинчи орунда, ал эми солчулдар добуштардын 10 процентин алуу менен үчүнчү орунда келатышат. Шайлоого өлкөнүн добуш берүүгө укуктуу жарандарынын 65% катышты.

The Guardian басылмасы орус политтехнологдору бийликтин партиясын колдоо максатында шайлоонун жүрүшүнө таасир этүү аракетин көргөнүн жазды. Түштүк Африка республикасынын парламенти эки палатадан турат.

XS
SM
MD
LG