Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

АКШнын бомбалоочу учактары Катардагы аскердик базага конду


Кошмо Штаттардын Аба күчтөрү Ирандын ыктымал коркунучтарына каршы туруу үчүн жөнөтүлгөн B-52 үлгүсүндөгү бомбалоочу учактар Катардагы америкалык аскердик базага конгонун ырастады. Учактар Ал-Удейд авиабазасына бейшембинин кечинде конушту.

5-майда Ак үй "Авраам Линкольн” учак ташуучу согуштук кеме жана бомбалоочу учактардын тобу Перс булуңуна жөнөтүлөрүн жарыялаган. 9-майда кеме Суэц каналынан өткөнү кабарланды.

Президент Дональд Трамптын администрациясы Ирандан кандай коркунуч болушу мүмкүндүгүн тактаган жок.

Шаршембиде Тегеран алты держава менен түзгөн өзөктүк макулдашуунун айрым шарттарын аткарбасын эскерткен. Президент Хасан Роухани европалык лидерлерге Ислам Республикасынын кызыкчылыктары АКШнын санкцияларынан корголбосо, жогорку даражада байытылган уран чыгаруу процесси кайра жанданарын айткан. Евробиримдик бейшембиде Тегеранды эл аралык келишимди сактоого чакырды. Ал эми Трамп Иран лидерлери менен сүйлөшүүгө даяр экенин ишара кылды. Вашингтон сөз болгон келишимден былтыр чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG