Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Сабалган наристенин ишин акыйкатчы көзөмөлдөйт


Жалал-Абад облустук ооруканасына эс-учун жоготкон, оор абалда жеткирилген наристенин ишин акыйкатчы Токон Мамытов көзөмөлгө алып, облустагы өкүлүнө атайын тапшырма берди. "Акыйкатчы бул иш Сузак райондук ички иштер башкармалыгында "кокустук" катары катталганына макул эмес" деп айтылат укук коргоо институту тараткан маалыматта.

"Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Кыял Токтобаева учурда ооруканада медициналык экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатат. Өкүлчүлүктө кыздын таенеси ал шымына сийип койгондо чымчып, бир-эки жолу урганын айтканы тууралуу видеотасма бар. Ошондуктан өкүлчүлүк Жалал-Абад облустук прокуратурасына кайрылуу даярдап жатат" деп билдирди Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы.


7-май күнү кечинде «Тез жардам» кызматы Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынан алып келген эки жашар кыз оор абалда облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Сузак райондук милициясы бул ишти жабыркаган кыздын жакындарынын көрсөтмөсү боюнча кокустук фактысы катары реестрге каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган.

Кыздын апасы күйөөсү менен ажырашып, кичинекей эки кызын өгөй энеси менен атасынын кароосуна калтырып, Москвага иштегени кеткени айтылган. Акыйкатчынын маалымат кызматы учурда анын Орусиядагы жашаган жерин аныктоо иштери жүрүп жатканын да кошумчалады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG