Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Жалал-Абаддагы өрттү 11 бригада өчүрүп жатат


Жалал-Абадда күйүп жаткан нефтебаза. 10-май, 2019-жыл.
Жалал-Абадда күйүп жаткан нефтебаза. 10-май, 2019-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Ош, Жалал-Абад облустарынан 11 өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатышат:

"Жалпысынан ӨКМдин он бир бөлүм тартылган. Мындан тышкары жеке ишканалардан эки өрт өчүрүүчү бригада менен эки шаты алынып келинди. Кырдаалды министр өзү онлайн түрүндө көзөмөлдөп жатат".

Мындан тышкары ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан үч суу ташуучу автоунаасы, РЭТ кызматынан бир бригада, "Тез жардам" кызматынан бир бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттон эки өрт өчүрүүчү автоунаа, Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ишканасынан өрт өчүрүүчү автоунаа тилсиз жоону өчүрүүгө жардам көрсөтүшүүдө.

Өрттөн эки киши жабыркаганы кабарланган. Алардын бири, 24 жаштагы сузактык тургун денесинин 50% күйүп, облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Дагы бир өрт өчүрүүчү бети күйүп, ооруканага жеткирилген.

Нефтебазага жакын жайгашкан үйлөрдөн эки миңге жакын тургундар коопсуз жакка көчүрүлгөн.

Өрттүн себеби расмий айтыла элек. Алдын ала болжолдуу маалыматтарга караганда май куюучу бензовоз унаасынан жалын тутанган.

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү ишкана өрттөнүп жатканы тууралуу кабар 10-май күнү, саат 10:00 чамасында келип түшкөн.

Шаардын бул аймагы өнөр жай тармагы болуп саналат жана сегиз нефтебаза жайгашкан.(RsK/ZKo)

XS
SM
MD
LG