Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Жапония менен Орусия ортосунда тынчтык келишими боюнча мунаса табыла элек


Орусия менен Жапония ортосунда тынчтык келишими боюнча олуттуу пикир келишпестиктер кала берүүдө. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. 10-майда министр Жапониянын башкы дипломаты Таро Коно менен Москвада жолугушуу өткөрдү. Коно да тараптар пикир келишпестиктерди жоюша электигин белгиледи.

Лавровдун айтымында, сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы СССР менен Жапония 1956-жылы кол койгон декларациянын негизинде тынчтык келишимин тездетүү максатында жүрүүдө.

Советтер союзу тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин Жапонияга Хабоман жана Шикотан аралдарын берүүгө макул болгон. Кремль "жерлерди автоматтуу түрдө өткөрүү тууралуу сөз жүргөн жок, тараптар мунаса издеп жатышат" деп буга чейин билдирген.

Өткөн жылы орус президенти Владимир Путин Токиого шартсыз тынчтык келишимине кол коюуну сунуш кылган.

Жапония жылдардан бери Курилдеги төрт аралды талашып келатат. Аймактык талаштан улам Орусия менен Жапония тынчтык келишимине азыркыга чейин кол коё элек.

Орусиянын коомдук пикирди сурап билүү борборунун сурамжылоосуна караганда, орусиялыктардын 77% Түштүк Курилдердин Жапонияга берилишине каршы.

XS
SM
MD
LG