Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Ысык-Көлдө «Run the Silk road» марафону өтүп жатат


Марафонго келгендер.
Марафонго келгендер.

Ысык-Көлдө 11-майда 8-эл аралык «Run the Silk road» марафону башталды. Жөө күлүктөр Чолпон-Ата шаарынын ат майданынан Корумду айылына чейин чуркашат.

Марафонго 27 өлкөдөн 3 миңге чукул киши катышууда. Алар 42 чакырым 195 метр, 21 чакырым 97 метр (жарым марафон), 10 жана 3 чакырым аралыкта чуркашат. Андан сырткары 3 чакырым скандинавиялык жүрүш да болот.

Иш-чарага байланыштуу Балыкчы-Ананьево–Каракол жолунда унаалардын жүрүшүнө кечки саат 17:30га чейин чектөө коюлат. Машинелер убактылуу Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолу менен каттайт.

Марафонду Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги, Улуттук олимпиада комитети, Жеңил атлетика федерациясы жана «Эл аралык марафон боюнча дирекциясы» коомдук уюму уюштурду. Жалпы байге фонду 2 млн. 790 миң сомду түзөт. (GT)

XS
SM
MD
LG