Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:10

Майк Помпео Орусияга иш-сапар менен барат


АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусияга алгачкы иш сапар менен барат. Анын визити 12-14-май күндөргө белгиленгенин Мамлекеттик департамент кабарлады.

Помпео 13-майда АКШнын Орусиядагы элчилигинде иштегендерге, ишкер чөйрө өкүлдөрүнө жана студенттерге кезигет.

14-майда Сочиге барып, ал жакта Орусиянын президенти Владимир Путин менен, тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. Алар эки тараптуу жана көп таратуу багытта сүйлөшүү жүргүзөрү кабарланды. Лавров экөө Сириядагы, Венесуэладагы жана Украинадагы кырдаалды да талкуулашат.

Ушул жуманын башында Помпео менен Лавров Финляндияда жолугушкан жана сүйлөшүү конструктивдүү болгонун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG