Жалал-Абаддагы мунай базада чыккан өрттө эки цистернадагы 3 миң куб мунай күйүп кетти. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Майрамбек Адылбеков билдирди. Өрттүн себеби жана зыяны такталып жатат.
Алгач үч бункердеги 5 миң кубга жакын мазут күйүп кеткени кабарланган.
Калаанын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү ишканада 10-май күнкү өрт дээрлик күнү бою уланып, жакын жерде жашагандар эвакуацияланган. Кечке жуук тургундар үйлөрүнө кайта баштаган.
Мэрия мындан улам, жыйын куруп Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан мунай иштетүүчү ишканалардын жана күйүүчү май сатуучу жайлардын коопсуздук чараларын текшерүүгө тийиштүү комиссия түзүү чечимин кабыл алды.
Талап боюнча күйүүчү май сатуучу бекеттердин 200 литр нефтебазаларда 5 тонна көбүк болуусу шарт. (RsK)