Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Эл аралык уюмдар Казакстанда Интернетти чектөөгө тынчсызданууда


Арлем Дезир
Арлем Дезир

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Маалымат каражаттарынын эркиндиги маселеси боюнча өкүлү Арлем Дезир Казакстанда 9-майда бир канча сайттарга бөгөт коюлганына тынчсыздануусун билдирди.

Жагдайды "Твиттердеги" баракчасына жазган Дезир holanews.kz, vlast.kz, informburo.kz, exclusive.kz жана "Азаттык" радиосунун сайты ачылбай калганын белгилеп, бийлик бул маселени чечиши керектигин белгиледи.

Анын алдында "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму да жагдайга тынчсыздануусун билдирип, өлкөнү башкарып жаткан Касым-Жомарт Токаевди "репрессиялык ыкмаларды колдонбоого" чакырган.

Казакстанда 9-майдан тарта бир канча маалымат каражаттарынын жана адам укугун коргогон уюмдардын сайттары ачылбай калган. Жарандар социалдык тармактарга кирүү да татаалдашып, интернет, мобилдик байланыш начарлаганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG