12-майда Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл дубанынын чыгыш аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт.
Тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Баткен облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18...18, күндүз 24...29,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19,
Нарын аймагында түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндуз 1...6 градус болот.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 24...26 градуска чейин жогорулайт. Жаан-чачын болбойт.