Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:00

Камакта жанын кыйган жарандын иши иликтенип жатат


Чүйдүн Ысык-Ата райондук милициясында 55 жаштагы эркек киши өзүн асып алганына байланыштуу иликтөө жүрүп жатат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал "небересин зордуктады" деп шек саналып 8-майда эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүнүн үстүнөн кызы арыз жазып, Жазыктар кодексинин 162-беренеси (сексуалдык мүнөздө зордук-зомбулук көрсөтүү) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

10-майда таңга жуук милиция кызматкерлери аны камерада асынып алган абалда тапкан. Жанындагы катта "жасаган кылмышы үчүн жакындарынан кечирим сураганы" жазылган.

 

XS
SM
MD
LG