Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

АКШ Кытайдын товарларына бажы төлөмүн дагы көбөйтөт


АКШ менен Кытайдын желектери.
АКШ менен Кытайдын желектери.

АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын жалпы наркы 200 миллиард долларга тең товарына тариф ставкаларын 10 пайыздан 25 пайызга чейин ашырууга көрсөтмө берди. Бул тууралуу АКШнын соода өкүлү Роберт Лайтхайзер жума күнү билдирди.

Трамп декабрда Кытайдын товарларына бажы төлөмүн 90 күнгө кечеңдетүү чечимин кабыл алган. Бул аралыкта тараптар бирдиктүү пикирге келбесе, нарк көбөйөрүн эскерткен.

Трамп 5-май күнү Кытай менен соода-экономикалык сүйлөшүүлөр "аябай жай жүрүп жаткандыктан" 10-майдан тарта тарифтер көтөрүлөрүн айткан.

Трамптын администрациясы Кытайды "юандын курсун жасалма жол менен төмөн кармап турат" деп айыптап келатат.

Батыштын экономисттеринин пикирлеринде, юандын төмөн курсу АКШга пайда алып келбейт. Себеби, АКШнын товарларынын атаандаштык сапаты түшүп, Кытайга экспортту көбөйтүүгө жолтоо болот.

XS
SM
MD
LG