Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Өлбөс полк» жүрүшүнө Иосиф Сталиндин чоң портретин көтөрүп чыккандарды сындагандарга жооп берди. Бул тууралуу пикирин ал 11-майда «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, Сталин Экинчи дүйнөлүк согушта башкы командачы болгонун, анын сүрөтүн жүрүшкө көтөрүп чыгуу кадыресе көрүнүш экенин белгиледи.
«Убада берем, келечекте, Жеңиштин юбилейлик датасында советтик улуу колбашчылардын портреттери мындан да көп болот. Иосиф Сталиндики дагы...» - деди Масалиев.
9-майда Бишкекте Жеңиш күнүнө карата уюштурулган жүрүшкө айрым катышуучулар Сталиндин чоң портретин көтөрүп чыгышкан. Муну кээ бир Интернет колдонуучулар сындап, «таржымалы талаш жараткан кишини даңазалоо туура эмес экенин» билдиришкен. Буга алар 1930-жылдары Сталиндин башкаруусунда көптөгөн кыргыз интеллигенттери репрессияга кабылып, өлтүрүлгөнүн жүйө келтиришкен.
Исхак Масалиев - Кыргызстан коммунисттер партиясынын төрагасы. Жогорку Кеңешке «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болуп келген. (SE)