Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:58

Лукашенко: Орусиянын кирдеген мунайынан Беларус зыян тартып жатат


Александр Лукашенко жана Владимир Путин.
Александр Лукашенко жана Владимир Путин.

Беларус президенти Александр Лукашенко Орусиядан келген кирдеген мунайдын айынан мамлекет миллиондогон долларга зыян көргөнүн айтты.

Ишембиде Минскиде сүйлөгөн Лукашенко: «Биз тийиштүү пайданы алган жокпуз, валюта кирешеси, транзит - биз эбегейсиз акча жоготтук»,- деди.

Ал кирдеген мунайдын зыянын адистер эсептеп чыгышы керек экенин белгилеп, орус тарап зыяндын ордун толтурарына үмүт артарын кошумчалады.

Орусиядан Беларуска тазаланбаган мунай келгени тууралуу алгач «Белнефтехим» компаниясы 19-апрелде маалымдаган. Анын артынан Беларус Украинага жана башка мамлекеттерге мунай транзитин токтоткон.

Беларуска кир мунай узатылганын орус тарап да моюнга алып, 4-5 милллион тоннага жакын мунай тазаланбай калганы болушу мүмкүн экенин билдирген. Орусияда ушундан улам кылмыш иши козголуп, төрт аткаминер камалды.

Учурда Орусиядан Беларуска мунай берүү жанданды, бирок Украинага жана башка өлкөлөргө транзит токтоп турат.

XS
SM
MD
LG