Өзбекстандын Хорезм облусунда коопсуздук органдарынын кызматкерлери акын жана журналист Махмуд Ражабдын үйүн тинтүүгө алышты.
Гурлан районунда жашаган 55 жаштагы Махмуд Ражаб бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматына айтып, күч кызматкерлери 10-май күнү анын үйүн эки саат тинтип, ноутбугун, смартфонун, Мухаммед Салих жазган «Пайгамбарлар тарыхы», маркум Айдин Салихтин «Чыныгы медицина» деген китептерин алып кетишкенин айтты.
Хорезм облустук ички иштер башкармалыгы комментарий бергген жок.
Журналист эки ай мурда өзбек оппозициясынын Түркияда жашаган жетекчиси Мухаммед Салих жазган китептерди Өзбекстанга алып келгенин айтып, үйүн тинтүүгө алынышына ушул жагдай себеп болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Махмуд Ражаб быйыл мартта Тбилисиден Стамбул аркылуу келип, акын Мухаммед Салихтин чыгармаларын Өзбекстанга алып барган. Ташкент аэропортунда ал китептерди «тыюу салынган адабияттар» деп, тартип сакчылары алып койгон эле.
Махмуд Ражаб буга чейин Мухаммед Салихтин мекенине келишине уруксат берүүнү өтүнүп, президент Шавкат Мирзиёевге кайрылган.
2018-жылдын 29-майында Махмуд Ражаб жана үч киши Мухаммед Салих менен түшкөн сүрөтүн Интернетке чыгарганы үчүн прокуратурага чакырылган.
Мухаммед Салих - белгилүү өзбек оппозиционери. Маркум президент Ислам Каримов Өзбекстанды башкарган жылдары Түркияга кетип, башпаанек алган.