Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Ростовдо газ кууру жарылып эки адам көз жумду


Орусиянын Ростов облусундагы Чистоозерный айылындагы үйдө газ кууру жарылып, эки адам көз жумду. Бири - наристе. Дагы эки киши жабыркады.

«Свобода» радиосу 12-майда кабарлагандай, кырсык эки кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде болду. Жети батир олуттуу, үчөө орточо зыян тартты. 16 тургун эвакуацияланды.

Быйыл январда Ростов облусундагы Шахта шаарындагы тогуз кабаттуу үйдө да газ жарылып, беш адам өлгөн.

2018-жылдын 31-декабрында Магнитогорск шаарындагы турак жайдагы жарылуу 39 адамдын өмүрүн алган. Тергөөнүн жыйынтыгында анда да газ жарылганы айтылган. Бирок айрым маалымат каражаттары аны теракт катары мүнөздөшкөн.

XS
SM
MD
LG