Мьянмада жүргүнчү ташыган учак авариялык абалда Мандалай шаарынын аэропортуна конду. «Embrear-190» үлгүсүндөгү учактын алдыңкы дөңгөлөгү иштебей калган. Бортто 82 жүргүнчү менен экипаждын жети мүчөсү бар болчу, эч ким жабыркаган жок.
Авариялык абалда конгон учак тартылган видео окуядан көп өтпөй эле, 12-майда Интернетке жүктөлдү.
Маалыматтарга караганда, Янгон шаарынан Мандалайга жөнөгөн учактын алдыңкы дөңгөлөгү иштебей калганын учкуч диспетчерге алдын-ала маалымдаган. Арткы дөңгөлөгү менен конгон учактын тумшугу жер чийип, учкун чачыраган.