Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Пакистандын Гвадар шаарында согушкерлер мейманканага кол салышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

11-майда «Pearl Continental» мейманканасына кол салууда коопсуздук кызматкерлери бери дегенде үч согушкерди өлтүрдү. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн «Белужистандын куткаруу армиясы» деп атаган согушкерлер алды.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Гвадар шаарындагы мейманканага кол салууну сынга алды. «Өзгөчө Белужистанда мындай чабуулдар биздин экономикалык долбоорлорду үзгүлтүккө учуратуу аракети болуп саналат. Биз буга жол бербейбиз», - деп айтты Имран Хан.

Согушкерлер мейманканага кирип барганда эле күзөтчүнү өлтүрүшкөн. Пакистандын коопсуздук күчтөрү менен согушкерлердин ортосундагы атышуу бир нече саатка созулуп, мейманканадан бардык адамдар чыгарылган.

Пакистандын мунайга бай Белужистан аймагында улуттук же диний азчылыктарды бутага алган куралдуу топтор жана ислам согушкерлери бар.

XS
SM
MD
LG