Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Түрк элчисине окшош адам муфтиятка таарынган видео тарады


Женгиз Камил Фырат.
Женгиз Камил Фырат.

Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фыратка түспөлдөш адам Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына нааразы болгон видеосу Интернетке тарады.

Видеодо Бишкектеги ресторандардын биринин алдында ал «ресторанга ооз ачуу үчүн кирбейм» деп айтып жатканы тартылган.

Элчиге окшош киши: «Эмне үчүн мени террорчу Орхан Инанды менен кошо чакырдыңар? Ушундай да болобу? Биздин мамлекет силерге 35 миллион доллардык мечит салып берсе, бизге кылган мамилеңер ушулбу? Мындан ары муфтият жөнүндө уккум да келбейт», - деп айтып жатканын көрсө болот.

Муфтияттын басма сөз кызматы 8-майда ооз ачыруу болгонун, бирок элчинин нааразычылыгы тууралуу маалымат такталып жатканын «Азаттыкка» билдирди.

Орхан Инанды азыркы «Сапат», мурдагы «Себат» билим берүү мекемелерин бир нече жыл башкарып турган. (BCh)

XS
SM
MD
LG