Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Масалиев: Шайлоо тууралуу мыйзамга олуттуу өзгөрүү кирген жок


Президенттин жумушчу тобу алып келген шайлоо жөнүндө мыйзамга олуттуу өзгөрүү кирген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Адилеттик үчүн» комитети Бишкекте өткөрүп жаткан «2020: кооптуу жагдайлар» аттуу тегерек үстөлдө билдирди:

- Азыр шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө төрт топ аракет кылып жатат. Бирок кийин биз комиссия түзүп мыйзам долбоорун алып чыгарабыз деген ой бар. Жогорку Кеңештин жетекчилиги президенттин жумушчу тобунун мыйзам долбоорун өткөрүүгө аракет кылууда. Мен жана Жанарбек Акаев иштеп чыккан мыйзам долбоорлору комитеттен ары өтпөй турат. Май айында комитетке чыгат деп ойлойбуз.

Тегерек үстөлгө саясатчылар жана коомдук ишмерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Алардын арасында Кубатбек Байболов, Ишенбай Кадырбеков, Марс Сариев, Рита Карасартова, Адил Турдукулов, Гүлнара Журабаева, Калича Умуралиева, Зайнидин Курманов бар.

Талкууда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылган депутаттар өздөрүнүн долбоорлору менен тааныштырышат. (КE)

XS
SM
MD
LG