12-майда түштөн кийин Гвадар шаарында куралчан адамдар чет өлкөлүк туристтер менен жергиликтүү ишкерлер арасында популярдуу мейманканага кирип барышкан. Расмий маалымат боюнча, мейманкананын бир кароолчусу курман болду.
«Белужистанды боштондукка чыгаруу армиясы» деген жикчил уюм кытайлык жана башка чет элдик инвесторлорду бутага алганын билдирди. Гвадар порту - Кытайдын «Бир алкак, бир жол» долбоорунун маанилүү бир бөлүгү.
Бир айдай мурун Белужистанда ошол эле согушкер топ автобуска кол салганда 14 киши өлгөн.
Аймак Пакистандагы эң кедей жана өнүкпөгөн аймактардын бири. Жикчил топ «кытай акчасынан карапайым эл пайда көрбөйт» деп, инвестицияларга каршы чыгууда.