«Кыргызтелекомго» караштуу «КТ Мобайл» ишканасынын жетекчилиги өздөрүнүн айлыгына байланыштуу Интернетке тараган маалыматты четке какты. Компаниянын жетекчисинин орун басары Эрназар Рысалиев муну кимдир-бирөөнүн чагымы деп баалады. Ал 300 миң сом айлык албай турганын белгилеп, чыныгы сумманы да атаган жок:
- Мен бул маалыматты толугу менен четке кагам. Бул чындыкка дал келбейт. Айлык боюнча туура эмес айтылган. Мен 300 миң сом албайм. Биз бул боюнча өзүнчө маалымат беребиз.
Интернетке чыккан маалыматтарда «КТ Мобайлдын» директору Нурбек Мукамбетов 350 миң, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алары жазылган.
Эрназар Рысалиев ырастагандай, «КТ Мобайл» «Кыргызтелекомдун» алдында 2003-жылы негизделген. Жыштыктарга лицензияны сатып алган менен каржы жетишсиздигинен улам старт ала алган эмес.
Жакында «Мегаком» брендине ээлик кылган «Альфа Телеком» мекемеси менен «Кыргызтелекомго» караштуу «КТ Мобайл» ишканасынын ортосунда келишпестик чыкканы маалым болгон. Жарым жылдай мурдараак тараптар түзгөн келишимге ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Бирок «КТ Мобайл» өз алдынча уюк оператору болгусу келгени талаш жараткан.(КЕ)