Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Ош: журналисттердин ишине тоскоолдук кылуу фактысы иликтенет


Ыдырыс Исаков.
Ыдырыс Исаков.

Ош шаардык милициясы жабыркоочунун кайрылуусунан кийин кумаркана катары сөз болгон мекемени тартып жаткан журналисттердин ишине тоскоолдук кылуу фактысын өзүнчө иликтейт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, журналисттерге тоскоол болуп, кол көтөргөн «DeLuxe» мейманканасынын эки кызматкери кармалып, учурда окуя боюнча тергөөгө маалымат берип жатышат.

- Журналисттердин өз милдетин аткарышына жолтоо болуп, күч колдонгондугу да өз алдынча иликтенет. Журналисттер арыз менен кайрыла элек. Бирок массалык маалымат каражаттарына жарык көргөн материалдардын негизинде иликтөө улантылууда, - деди ал.

Ош шаарында «DeLuxe» мейманканасынын бир капталында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана катары сөз болгон мекемени тартыш үчүн барган «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков сабалган. Журналисттин бети, колу тытылып, кийими айрылган.

Ушул эле окуяда «Нур» телеканалынын кабарчысы да ыдык көргөн. Кабарчынын айтымында, кумаркана болушу ыктымал деген клубдун күзөтчүлөрү анын колун кайрып, телефонундагы видеолорду өчүрүп салышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG