Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Иран менен өзөктүк келишимди сактап калуунун жолдору талкууланууда


Федерика Могерини
Федерика Могерини

Британиянын, Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери Брюсселде жолугуп, Иран менен дүйнөлүк державалар ортосунда 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди сактап калуунун жолдорун талкуулап жатышат.

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини келишимдин маанисине көңүл бурду:

- Биз мурдагыдай эле Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди толук колдойбуз. Бүгүн мен жана Франциянын, Германиянын жана Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди толук колдоону талкуулоо үчүн жолугушканы жатабыз. Анткени келишим биздин аймакта коопсуздуктун негизги таянычы. Ошондой эле ал дүйнөдө өзөктүк куралды жайылтпоодогу негизги кадам.

13-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео да Брюсселге келди. Ал да Британия, Франция жана Германиянын башкы дипломаттары менен «зарыл иштерди», анын ичинде Иран маселесин да талкууламакчы.

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Майк Помпеонун келери тууралуу түндө гана укканын, андыктан так күн тартип жок экенин билдирди.

Ирандын өзөктүк программасын чектеген мунасага дүйнөнүн алты өлкөсү 2015-жылы жетишкен. АКШ, Франция, Британия, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын токтотмок. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган санкцияларды алуу каралган. 2018-жылы АКШнын президенти Дональд Трамп келишимди сынга алып, «Тегеран милдеттенмелерин аткарбай жатат» деген негизде Кошмо Штаттар макулдашуудан чыгып кеткен. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирген.

XS
SM
MD
LG