Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:26

Кайгуул кызматкерлеринин айлыгы белгилүү болду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пилоттук долбоор катары Бишкек шаарында ишке киргизилип жаткан Кайгуул милициясынын кызматкерлери 20 миң сомдон көбүрөөк айлык алат. ИИМдин маалыматына караганда, жаңы орган өзүнүн функционалдык милдеттери жана түзүмү менен айырмаланып турат. Кайгуул кызматы башкармалыгынын машинасында эки кызматкер болот жана алар жолдогу абалды, тартипти да көзөмөлдөшөт.

Долбоордун алкагында сынак менен 900гө жакын кызматкер тандалып алынат. Алар ИИМ Академиясынын базасында үч айлык окуудан өтүшөт.

Долбоорду ишке ашырууга 381 млн. сом кете турганын бүгүн Бишкек милициясынын жетекчи орун басары Нур Сатыбалдиев басма сөз жыйынында билдирди.

Быйыл февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгын түзүү боюнча буйрукка кол койгон.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин жол тескөөчү кызматы Кайгуул милициясы деп аталып, кийин кайра Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы деп өзгөртүлгөн эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG