Президент Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, жети жана андан көп баланы толук тарбиялаган 1135 эне «Баатыр эне» ордени, алты баланы толук тарбиялаган 470 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. (КЕ)