Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Арменияда экс-президент Кочаряндын соту башталды


Роберт Кочарян сот залында, Ереван. 13-май, 2019-жыл.
Роберт Кочарян сот залында, Ереван. 13-май, 2019-жыл.

Армениянын баш калаасы Ереванда мурдагы президент Роберт Кочаряндын соту башталды. «Азаттыктын» армян кызматынын кабарчысы билдиргендей, 13-майдагы соттук териштирүүдө Кочарянды күрөөгө бошотуу же үй камагында кармоо маселеси каралып жатат.

Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган 64 жаштагы Роберт Кочарян «полицияга 2008-жылкы президенттик шайлоодогу бурмалоо боюнча нааразылык билдирип чыккан адамдарга каршы күч колдонууга буйрук берди» деген негизде соттолуп жатат. 11 жыл мурда болгон бул окуялардан сегиз демонстрант жана эки полиция кызматкери курман болгон.

Кочарян «France-Presse» агенттигине жөнөткөн комментарийинде өзүнө каршы соттук ишти «мыйзамсыздык» жана учурдагы премьер-министр Никол Пашиняндын «саясий куугунтугу» катары мүнөздөгөн.

Пашинян 2008-жылдагы нааразылык акцияларында маанилүү ролду ойноп, ал үчүн эки жылга чукул түрмөдө отуруп чыккан. Ал Кочарянга каршы кылмыш иши негиздүү ачылганын айтып, бул иште бурмалоолорго жол берилбегенин билдирген.

Экс-президент Кочарян 2018-жылы 28-июлда камакка алынып, көп өтпөй бошотулган. Былтыр 7-декабрда кайра камалган.

XS
SM
MD
LG