Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Сузакта наристенин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук ооруканасына эс-учун жоготкон, оор абалда жеткирилген наристени сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тергөө иштеринин жүрүшүндө наристенин денесине зыян келгени билинип, «Анча оор эмес залал келтирүү» беренесинин негизинде иш козголду. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

7-май күнү кечинде «Тез жардам» кызматы Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынан алып келген эки жашар кыз оор абалда облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн.

Сузак райондук милициясы бул ишти жабыркаган кыздын жакындарынын көрсөтмөсү боюнча кокустук фактысы катары реестрге каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган.

Буга чейин «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» наристени сабагандарды жазалоону талап кылган. (KE/RsK)

XS
SM
MD
LG