Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Ак-Суу районунун тургундары эс алуу жайын жабууну талап кылышты


Ак-Суу району.
Ак-Суу району.

Ак-Суу районунун 30 чакты тургуну аймактагы «Ак-Суу кенч» эс алуу жайын жабууну талап кылып чыкты. Алар эс алуу жайындагы бассейндин суусу Ак-Суу дайрасына куюп жатканына нааразы болуп жатышат. Мындан сырткары аталган аймакта мыйзамсыз курулуштар жүрүп жатканы тууралуу кеп козголуп, аны текшерүү талабы коюлду.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, эс алуу жайын текшериш үчүн райондук деңгээлде комиссия түзүлгөн. Ага райондук акимчиликтин, Мамэкотехинспекциянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, санэпидемстанциянын жана башка тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү кирген.

«Ак-Суу кенчтин» жетекчисинин күйөөсү Нурлан Урманаев бассейндин суусу эч кандай сууга куйбай тургандыгын айтып, мыйзамсыз курулуштар маселеси жакынкы күндөрдө чечилерин белгиледи. Ал жергиликтүү бийлик жана тургундар ишкердикке тоскоолдук кылып жатышат деп эсептейт. (AsM)

XS
SM
MD
LG