Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Британия Перс булуңунда чатак чыгышы мүмкүн экенин эскертти


Британ тышкы иштер министри Жереми Хант.
Британ тышкы иштер министри Жереми Хант.

Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант Перс булуңунда АКШ менен Ирандын ортосунда «кокустан» чатак чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертти. Британиянын башкы дипломаты мындай оюн бүгүн, 13-майда Ирандын өзөктүк келишимин сактап калуу маселеси боюнча Брюсселдеги жыйынга катышаар алдында журналисттерге билдирди.

- Биз абалдын чыңалуусу менен кокустан жаңжал чыгып кетүү коркунучу жаралып жатканына тынчсызданып турабыз. Биз мындай кооптонуубузду Европадагы кызматташтарыбызга, АКШнын мамлекеттик катчысына билдиребиз. Бир тарап экинчисинин оюн түшүнүшү үчүн бизге тынчтык керек, - деди Жереми Хан.

Өткөн аптада АКШ Иран туудуруп жаткан жаткан «болжолдуу коркунучтардын алдын алуу» деген жүйө менен Перс булуңуна учак алып жүрүүчү кемесин жана бомбалоочу учактарын жөнөткөнү кабарланган.

Былтыр май айында АКШ «Тегеран милдеттенмелерин аткарбай жатат» деген негизде 2015-жылы Тегеран менен дүйнөнүн алты өлкөсүнүн ортосунда кол коюлган келишимден чыгаарын жарыялаган. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирген. Тегеран санкциялардын кайра жанданышын «мыйзамсыз» чечим катары мүнөздөп келет.

XS
SM
MD
LG