Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Швецияда Ассанжга каршы иликтөө кайра жанданды


Жулиан Ассанж Лондондогу сотко алынып келе жаткан учур. 11-апрель, 2019-жыл.
Жулиан Ассанж Лондондогу сотко алынып келе жаткан учур. 11-апрель, 2019-жыл.

Швеция «Викиликстин» негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга коюлган зордуктоо боюнча айыптарга байланыштуу баштапкы иликтөөнү кайра жандандырды. Бул тууралуу Швеция прокуратурасынын расмий өкүлү Ева-Мария Перссон 13-майда Стокгольмдо билдирди. Анын айтымында, Ассанждын өткөн айда Эквадордун элчилигинен чыгып, британ тартип коргоо органдарынын колуна түшкөнү аны суракка алууга шарт түздү.

Швецияда Ассанжга карата иликтөөнү кайра жандандыруу жөнүндө чечимге 2010-жылы анын зомбулугуна кабылганын айткан аялдын кайрылуусу себеп болгон. Ошондон улам швед тарап Ассанж Британиядагы түрмөдө жазасын 2020-жылы өтөп бүткөндөн кийин аны Швецияга экстрадициялоону өтүнмөкчү.

Кошмо Штаттар да австралиялык Жулиан Ассанжды «Викиликс» сайтына маалымат берген америкалык жоокер Челси Мэннинг менен алдын-ала сүйлөшүп алып, Ооганстандагы жана Ирактагы согуштар тууралуу АКШнын «миңдеген жашыруун мамлекеттик документтерин уурдаган жана жарыялап жиберген» деп күнөөлөп жатат.

«Викиликстин» 47 жаштагы негиздөөчүсү 2012-жылы Эквадордун Лондондогу элчилигинде убактылуу башпаанек таап, ал жерде жети жыл жашады. Быйыл 11-апрелде Эквадор ага баш калка берүүдөн баш тарткан соң британ полициясы аны камакка алган.

1-майда Лондондун райондук соту Ассанжды жети жыл мурда аны күрөөгө бошоткон британ сотунун чечимин бузган деп таап, бир жылга түрмөгө кескен.

XS
SM
MD
LG