Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Украинада сот жаңы президентти айыпка жыкты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Киевдин Оболонский райондук соту Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленскийге шайлоо мыйзамындагы эрежелерди бузганы үчүн 850 гривен (2000 сомдон ашуун) айыппул салды.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, 21-апрелде - президенттик шайлоонун экинчи айлампасында ал журналисттерге толтурган бюллетенин көрсөткөнү үчүн айыпка жыгылды. Мыйзамга ылайык, бул жоругу жабык добуш берүүнүн эрежелерине туура келбейт жана административдик тартипти бузуу болуп саналат.

Зеленскийдин үстүнөн протокол шайлоо күнү эле түзүлүп, 13-майда сотто каралды. Ал өзү отурумга келген жок. Зеленскийдин командасы ал айыппулду төлөөгө макул экенин билдиришти.

14-майда Жогорку Раданын отурумунда президенттин инаугурациясынын күнү белгиленет. Аны Зеленский 19-майда өткөрүүнү сунуш кылган, бирок 1-июнга белгилениши мүмкүн деген маалыматтар да бар.

XS
SM
MD
LG