Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:11

Кытай жооп катары америкалык товарларга бажы төлөмүн көбөйттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай америкалык товарларга бажы төлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу Кытайдын басылмалары өлкөнүн Мамлекеттик кеңешинин тарифтик саясат боюнча комиссиясына шилтеме кылып жазышты.

Бээжин мындай чечимди АКШ Кытайдын товарларына карата бажы төлөмүн көбөйткөнүнө жооп катары кабыл алган.

Кытай АКШнын жалпы баасы 60 миллиард долларга жеткен товары үчүн бажы тарифтерин 5 пайыздан 25 пайызга чейин көтөрө турганы кабарланууда. «Бирок бул өзгөртүүлөр күчүнө кире турган мөөнөт 1-июнга калтырылды. Ага чейин АКШ менен Кытайдын жетекчилигине чектөөлөрдү эки тараптуу жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берилет», - деп жазды «The New York Times»​.

Өткөн жуманын аягында АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын жалпы наркы 200 миллиард долларга бааланган товарына тарифтер 10 пайыздан 25 пайызга чейин көтөрүлө турганын билдирген. Анда жаңы бажы тарифтери көбүнесе автотетиктерге тиешелүү болору айтылган.

XS
SM
MD
LG