Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:12

Кара-Сууда төрт үй өрттөндү


Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районундагы Жаңы-Турмуш айылында катар жайгашкан төрт үйдүн жалпы 629 чарчы метри күйүп кетти.

Эч ким жабыркаган жана каза болгон жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо 13-майда, кечки саат 20:00 чамасында катталып, жыгач устундуу темир менен жабылган чатырлар өрттөнгөн. Өрт эки жарым сааттан кийин өчүрүлдү.

Өрт болжол менен электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан (электр зымдарынын кыска туташуусу) келип чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG