Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов жергиликтүү 24.kg маалымат агенттигине кенен интервью берип, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча дооматтарга жооп берди.
Ал өзүнө карата айтылып жаткан сөздөрдү төгүндөп, Азиз Батукаев учуп кеткен «Kyrgyz Handling Company- APR» компаниясына баласы Данияр Атахановдын эч кандай тиешеси жок экенин айтып берген. Ошондой эле Батукаевди бошотуу боюнча коррупциялык схема Атаханов кызматка келгенге чейин башталганын белгилеп, кримтөбөлдүн жакындары менен эч качан жолукпаганын билдирген.
Оор кылмыштар үчүн соттолгон Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Ошол убакта Шамил Атаханов вице-премьер-министр катары күч түзүмдөрүн координациялап турган.
2019-жылы 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген. Бул окуяга тиешелүү айрым дарыгерлер камакка алынган. (TSh)