Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:28

Демократтар Трамптын Орбан менен жолугушуусун сынга алышты


Виктор Орбан жана Дональд Трамп. 13-май, 2019-жыл.
Виктор Орбан жана Дональд Трамп. 13-май, 2019-жыл.

АКШда демократтар президент Дональд Трампты Венгриянын премьер-министрин Ак үйдө кабыл алганы үчүн сындап чыгышты. Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан мусулмандардын Европага багытталган иммиграциясына карата радикалдуу көз караштары менен белгилүү. Трамп Орбанды 13-майда Ак үйдө кабыл алган.

АКШ Сенатындагы Демократиялык партиянын мүчөсү Дик Дурбин Трампты «америкалык баалуулуктарга чыккынчылык кылды» деп айыптап, «президент демократ эмес, авторитардык лидерлерге жан тартат» деп айтты.

Демократтар буга байланыштуу АКШ президентинин Владимир Путин, Си Цзинпин, Ким Чен Ын, Режеп Тайып Эрдоган, сауд ханзаадасы Мухаммед бин Салман, Филиппиндин лидери Родриго Дутерте тууралуу мактоо сөздөрүн эске салышты.

«Human Rights Watch» укук коргоо уюму Орбанды Венгрияда «адамдардын негизги укуктарын бузат», «ксенофобияга үгүттөйт», «чет өлкөдөн грант алган жогорку окуу жайларын жана коомдук уюмдарды куугунтуктайт» деп айыптап келет.

Дональд Трамп Орбан менен жолугушууда «Сиз да мендей эле бир аз чуулгандуу адамсыз. Бирок бул коркунучтуу эмес. Сиз өз өлкөңүздүн коопсуздугун камсыз кылыш үчүн көп пайдалуу иштерди жасадыңыз», - деп айтты.

Өз кезегинде Орбан «мыйзамсыз миграция, терроризм менен күрөштө жана дүйнө жүзүндөгү христиандарды коргоодо АКШ президенти менен ийиндеш турганына» ыраазычылыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG