Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:01

Эсеп палатасы тарых музейин оңдоодо бюджетке зыян келгенин ырастады


Улуттук тарых музейи.
Улуттук тарых музейи.

Эсеп палатасы Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөгө кеткен каражатка аудит жүргүздү. Мекеме тараткан маалыматка караганда, музейди оңдоп-түзөөгө жана долбоорлоого иштин көлөмү, суммасы жана ишти бүтүрүү мөөнөтү белгиленбей туруп жалдануучу компания тандалып алынган. Ошондой эле сметалык долбоору түзүлгөн эмес. Музейдин бекитилген концепциясына ылайык келбеген 562,6 миң евролук жабдуу алынып келген. Ал Кыргызстандын рыногундагы ошондой эле жабдууга караганда 3,8 млн. сомго кымбат болгон. Ишти кабыл алуу актысында анын наркы 68,9 млн. сомду түзгөн.

Улуттук тарых музейиндеги коррупция тууралуу былтыр майда «Ата Мекен» фракциясы айтып чыккан. Көп өтпөй УКМК музейди реконструкциялоодо бюджеттик каражатты туура эмес жана максатсыз пайдалануу тууралуу текшерүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгогон.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, бул иштен мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тарткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG