Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

АКШ президенти НАСАга 1,6 млрд. доллар бөлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дональд Трамп Айды жана Марсты изилдеш үчүн НАСАнын бюджетине кошумча каражат бөлө турганын билдирди.

«АКШ Айга, андан соң Марска 2024-жылга чейин жакшылап кайтып барышы үчүн мен кошумча 1,6 миллиард доллар бөлүүнү чечтим», - деди президент.

Ушул жылдын башында президент Дональд Трамп АКШнын космостук күчтөрүн түзүү тууралуу буйрукка кол койгон. Армиянын бул бөлүгү атаандаш өлкөлөрдүн космостогу достукка жатпаган болжолдуу аракеттерине каршы турууну максат кылат.

АКШ космостук агенттиги НАСА үчүн жылына 20 миллиард доллардай каражат сарптайт.

XS
SM
MD
LG