Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:14

«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы өтөт


Талас шаары.
Талас шаары.

Кыргызстанда «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы өтөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыктын алкагында «өсүү түйүндөрү» шаарларынын балдар жана жаштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча ишине дем берүү максатында кабыл алынган», деп жазылган өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

«Өсүү түйүндөрү» катары Балыкчы, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кадамжай, Кара-Балта, Каракол, Кара-Көл, Кара-Суу, Кербен, Кочкор-Ата, Нарын, Ош, Талас, Таш-Көмүр, Токмок жана Өзгөн шаарлары көрсөтүлгөн. Сынакка катышуу ыктыярдуу түрдө болот.

Анын байге фонду 6 млн. сомду түзөт. Он шаардын ичинен комплекстүү баа боюнча жогорку упай топтогон 3 шаарга байгелүү орундар (1, 2 жана 3-орун) ыйгарылат.

Сынакта 1-орун алган шаар 3 млн. сом акчалай сыйлык алат. 2- жана 3-орундарды ээлеген шаарларга 2 млн. жана 1 млн. сомдон берилмекчи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG