Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:07

Саляновдун соту 24-майга жылдырылды


Соттук жараян учурунда тартылган сүрөт. 19-апрель, 2019-жыл.
Соттук жараян учурунда тартылган сүрөт. 19-апрель, 2019-жыл.

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум айыпталуучунун адвокаты келбегени үчүн кийинкиге жылдырылды. Соттук жараянды 19-апрелден бери дээрлик бир ай күтүшкөнүн белгилеген Аида Салянова соттон адвокаттын жоопкерчилигин кароо маселесин өтүндү. Мындан тышкары ал адвокаттын жоопкерчилигин кароо тууралуу арыз менен Юстиция министрлигине кайрыларын журналисттерге билдирди:

- Өзүңөр уктуңар, сот да адвокатты таба албай коюшканын айтты, «телефондору иштебейт, каттарга жооп берген жок» деп жатат. Демек, анын каалоосу жок окшойт. Биз Юстиция министрлигинен адвокаттын лицензиясын карап көрүүнү талап кылып, кайрылабыз.

Аида Салянова жана жабырлануучунун адвокаты кийинки соттук отурумга Ысык-Көлдүн мурунку прокурору Айбек Тукубаевди, тергөө ишине жетекчилик кылган Аблатовду күбө катары суроону соттон өтүнүштү. Сот алардын өтүнүчүн канааттандырды.

Улан Саляновдун өлүмү боюнча акыркы соттук отурум 19-апрелде болгон. Анда кылмыш ишинде негизги күбө катары өтүп жаткан Олег Тярт көрсөтмө берген.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​

ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Алар - Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев. Мекеменин маалыматына караганда, Эрмек Осмонкулов (1986-жылы туулган) 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен, Асанэмир Абыкулов 2018-жылдын январында Москвадан кармалган. Учурда Абыкулов Москвадан алынып келе элек. Үчүнчү шектүү Заур Насруллаев Орусиянын Екатеринбург шаарынан быйыл августта кармалган. Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук териштирүү былтыр сентябрь айында башталган. (ZKo/TSh)

XS
SM
MD
LG