Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Хакерлер «WhatsApp» аркылуу телефонго көзөмөл орнотушкан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Фейсбуктун» «WhatsApp» байланыш тиркемесиндеги олуттуу мандем хакерлерге колдонуучуларды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берген. Ал техникалык мүчүлүштүктү он чакты күн мурун аныкташкандан кийин АКШнын тартип коргоо органдарына жана коопсуздук боюнча эксперттерге кабар берилген.

Чабуул коюш үчүн хакерлер чөнтөк телефонго чалышчу экен. Кардар жооп бербесе да, анын жабдыгына зыяндуу программа орнотулуп, смартфондогу камера жана микрофон аркылуу анын эки жакка жүрүшү көзөмөлдөнчү.

Мессенжердеги мандем тууралуу биринчи болуп британиялык «Financial Times» гезити жазды. Макалада шпиондук программаны израилдик фирма иштеп чыкканы айтылат. Компания иликтөө жүргүзөрүн билдирди.

«WhatsApp» бузук оңдолгонун айтып, колдонуучуларга тиркемени жаңылоону сунуш кылды. Соңку маалыматтарга караганда бул популярдуу мессенжерди дүйнөдө бир жарым миллиард киши пайдаланат.

XS
SM
MD
LG