Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

Жалал-Абад: Мунай базасындагы өрттүн чыгымы 65 млн. сомго бааланууда


Күйүп жаткан мунай базасы. Жалал-Абад шаары. 10-май, 2019-жыл.
Күйүп жаткан мунай базасы. Жалал-Абад шаары. 10-май, 2019-жыл.

Шаардын Көк-Арт кичи шаарчасында жайгашкан мунай базасында чыккан өрттүн кесепетинен ишкана болжол менен 65 млн. сомдук чыгымга учурады. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Кыргыз-Өзбек-Азербайжан» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен улам мунайды кайра иштетүүдөн алынган даяр өндүрүм, эки цистернадагы дизель күйгөн. Андан сырткары МАН үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган автоунаа да өрттөнгөн. Азыр өрттүн кесепеттери дагы такталууда.

Көк-Арт кичирайонундагы мунайды кайра иштетүүчү ишканада 10-май күнкү өрт дээрлик күнү бою уланып, жакын жерде жашагандар коопсуз жайга чыгарылган. Алар кечке жуук гана үйлөрүнө кайтышкан. Жалынды өчүрүүгө Жалал-Абад жана Ош шаарларынан биригип 10дон ашык бригада тартылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG