Ереванда экс-президенттин тарапкерлери менен каршылаштары соттун алдында митинг өткөрүп жатышат. Ушул күндөрү Ереванда мурдагы президент Роберт Кочаряндын соту өтүп жаткан кези. Бүгүнкү соттук териштирүүдө Кочарянды күрөөгө бошотуу же үй камагында кармоо маселеси каралып жатат. Экс-президенттин адвокаттары сотко ишенбестик билдиришти.
Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган 64 жаштагы Роберт Кочарян «полицияга 2008-жылкы президенттик шайлоодогу бурмалоо боюнча нааразылык билдирип чыккан адамдарга каршы күч колдонууга буйрук берди» деген негизде соттолуп жатат. 11 жыл мурда болгон бул окуялардан сегиз демонстрант жана эки полиция кызматкери курман болгон.
Кочарян «France-Presse» агенттигине жөнөткөн комментарийинде өзүнө каршы соттук ишти «мыйзамсыздык» жана учурдагы премьер-министр Никол Пашиняндын «саясий куугунтугу» катары мүнөздөгөн.
Эгерде сот Кочарянды күнөөлүү деп тапса, ал 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.