Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Киши уурдоо боюнча шек саналган депутатка издөө жарыяланды


Милициянын жарыясы.
Милициянын жарыясы.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кыдыр Айбалаевге издөө жарыяланган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Кыдыр Айбалаев былтыр күзүндө Бишкекте бир адамды күчтөп, автоунаага салып кетип, жабыла токмоктогон чатак боюнча шек саналып, 24-февралда Октябрь райондук соту тарабынан үй камагына алынган. 19-апрель күнү аталган сот Кыдыр Айбалаевди үй камагынын шарттарын бузуп, Бишкектеги үйүнөн Лейлек районуна кетип калганы үчүн №1 СИЗОго камоо тууралуу чечим чыгарган. Бул чечим ишке ашырылганча шектүү качып кеткен.

Бул иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене («Ээнбаштык») менен катталган. (MdN)

XS
SM
MD
LG