Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Помпео: Орусия менен мамилебиз алга жылышы керек


Путин жана Помпео.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео АКШ Орусия менен мамилелеринде алдыга жол табышы керек экенин билдирди. Бүгүн Майк Помпео Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугат.

Помпео Сочиде бир катар маанилүү темалар козголорун «Твиттерге» жазды.

«Айрым маселелер боюнча мунаса тапсак болот, айрымдарына макул болбошубуз мүмкүн. Бирок эгерде бул биздин мамлекеттик кызыкчылыктарыбызга туура келсе, биз алга жол табууга милдеттүүбүз», деп жазды Помпео.

Майк Помпеонун иш сапары Москва менен Вашингтондун мамилеси чыңалып турган учурга туш келип жатат.

Помпео Орусияга дүйшөмбүдө келери айтылган, бирок ал Иранга байланыштуу Брюсселде Европа мамлекеттеринин лидерлери менен жолугушуусу пландалып, ал күнкү сапар токтотулган.

XS
SM
MD
LG